Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

Садыр Жапаров: курултайга делегат тандоого бийлик аралашпайт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоо боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда мыйзам кабыл алынганга чейин элдик курултайды жарлык менен чогултууну туура көргөнүн жана анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин билдирди. Президент курултайга аймактардан делегат тандоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнө тыюу салынганын белгиледи.

“Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке курултайга келет. Ошондуктан эл-журт, делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер. Мындан ары кандай гана курултай болбосун, мурдагыдай "дежур" курултай болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле”, - деп жазды президент.

Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка ылайыкЮ курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалып, курамы бекитилген.

Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес.

Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз каранды экенине байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек.

“Азаттык” радиосунун "Эксперттер талдайт" программасынын 17-августтагы чыгарылышында курултай маселеси талкууланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG