Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Зеленский, Гутерриш жана Эрдоган бейшемби күнү Львовдо жолугушат


Антониу Гутерриш менен Владимир Зеленский. Ушул жылдын апрель айынын аягында Киевдеги жолугушууда.
Антониу Гутерриш менен Владимир Зеленский. Ушул жылдын апрель айынын аягында Киевдеги жолугушууда.

18-августта Львов шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда сүйлөшүүлөр болот. БУУнун маалыматына караганда, Гутерриш жума күнү Одессага барып, сапарын андан ары Түркияда улантат.

Режеп Тайып Эрдоган Украинадагы согушта ортомчу болууга бир нече жолу аракет кылганын Reuters агенттиги жазды. Украинанын эгинин экспортко чыгаруу боюнча келишимде да Анкаранын ролу чечүүчү болгон.

Антониу Гутерриштин басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин айтымында, Львовдогу сүйлөшүүлөрдө тараптар Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаалды, ошондой эле Украинадагы согушту саясий жактан жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаалга кайрылып, Орусиянын аскерлери аны тез арада таштап чыгып кетиши керектигин эскерткен.

Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье АЭСи Украинанын орусиялык аскерлер басып алган аймагында жайгашкан. Согуштун башында да станцияга сокку жасалып, анда да эки тарап бири-бирин айыптаган. Соңку күндөрү да анын айланасында кармаш жүрүп жатат.

14-августта Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү жана АКШ, Канада, Астралия, Түштүк Корея, Жапония баштаган 42 мамлекет Орусияны Запорожье атомдук электр станциясынан чукул арада аскерлерин алып кетүүгө чакырган. Запорожье облусун басып алган орусиялык күчтөр станциянын айланасында ок атышпоо режимин сунуштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG