Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

Германия Орусиянын мунайын АКШнын нефтисине алмаштыра баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Луизиана штатынан мунай жүктөлгөн танкер Германиянын Росток шаарына бет алды. Бул бир ай ичинде Германияга американын мунайын ташып бараткан экинчи танкер. Reuters агенттиги Ise Princess танкеринин бортунда 570 миң баррель мунай бар экенин билдирди.

Американын сырьёсу Германияга Норвегиядан, Жакынкы Чыгыштан жана Батыш Африкадан экспорттолгон мунай жана “Дружба” кууру аркылуу келип жаткан орус мунайынын ордун толтурушу керек. Европа Биримдиги жыл аягына чейин Орусиядан мунай импортун 90% азайтууну максат кылууда.

Мексика булуңунда өндүрүлгөн Mars мунайы курамы боюнча Орусиянын Urals мунайынын маркасына окшош. Августтун башында Ростокко жеткирилген американын мунайынын биринчи партиясы PCK Schwedt нефтини кайра иштетүүчү заводуна алынып келди. Бул компаниянын акцияларынын көбүнө “Роснефть” ээлик кылат. “Роснефть” өткөн аптада Германияда күйүүчү майдын баасы деңиз аркылуу ташылгандыктан кымбаттай турганын билдирген.

Июнь айынын башынан бери АКШда өндүрүлгөн мунайдын баасы баррелине 122 доллардан 87 долларга чейин түшүп кетти. Бирок нефть өндүрүү 12 миллион баррелге жетти. Бул 2021-жылдын башына салыштырмалуу 20% көп. Ушул жылдын июнь айында АКШ күнүнө 3,5 миллион баррель мунай өндүрүп, мунай экспортунун рекорддук деңгээлине жеткен.

Европа Биримдиги 2022-жылдын 5-декабрынан баштап Орусиядан мунай сатып алууну мүмкүн болушунча кыскартып, эки айдан кийин мунай импортун толук токтотууну пландап жатат. Бул Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы кабыл алынган чечим. (BTo)

XS
SM
MD
LG