Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Украин күчтөрү “Вагнер” жалданмачыларынын базасына сокку урду


"Вагнер" жалданмачыларынын талкаланган базаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
"Вагнер" жалданмачыларынын талкаланган базаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү орусиялык “Вагнердин жеке аскердик компаниясынын” (ЧВК Вагнера) жалданмачыларынын Луганск облусунун Попасная шаарында жайгашкан базасына артиллериялык сокку урду. Бул тууралуу орусиялык Телеграм каналдар жана “вагнерчилер” жөнүндө окуяларды жазган каналдар кабарлап, база талкаланганын билдиришти.

Орусиялык аскердик кабарчылардын бири Юрий Котёнок артиллериялык сокку HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасынан жасалганын маалымдады.

Бир апта мурдараак башка бир аскердик кабарчы Сергей Среда “вагнерчилердин” базасынын сүрөтүн жарыялаган. Украин күчтөрү Попасная шаарындагы базанын жайгашкан жерин ошол сүрөт аркылуу аныкташкан деп болжолдонуп жатат. “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчылары сүрөттөгү жер менен сокку урулган жердин кадрлары бир экенине ынанышты.

Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер армия орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” же “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG