Блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандан кийин Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камалды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда 19 жаштагы блогердин кармалышына Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун Фейсбуктагы өзү администратор болгон “Полит Узник” баракчасына жарыялаганы себеп болгону айтылат. Айрым маалыматтарга караганда, Абдил Сегизбаев өзү дагы ушул күнү милицияга суракка барган.
ИИМ буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасаган. Анда кенди иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айтып, жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү укук коргоо органдарына тапшырган.
Президент Фейсбуктагы баракчасына "өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?- деп жазган.
Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.
Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.