Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Ташкентте дагы бир каржы пирамидасы ачыкка чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстанда дагы бир каржы пирамидасы уюштурулуп, жүздөгөн адам алданганы белгилүү болду. Habar.uz басылмасынын маалыматына караганда, үч жүзгө жакын кишиге үй жана унаа алып берүүнү убада кылган Rayona Qutlug каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири акчаны алып, чет өлкөгө качып кеткен.

Жабырлануучулар орто эсеп менен ар бири автоунаа үчүн 4-5 миң доллар, үй үчүн 15-17 миң доллардан төлөгөнү, бул тууралуу алардын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары кабардар эместигин билдиришкен.

2022-жылдын 10-январында каттоодон өткөн Rayona Qutlug жоопкерчилиги чектелген коомуна карата Ташкент шаарынын Мирабад райондук милициясы кылмыш иши козгоду.

"Азаттыктын" өзбек кызматы банк системасына ишенич аз болгон Өзбекстанда адамдардын акчаларын ар кандай жолдор менен өздөштүрүп алуу фактылары көп кездешерин жазды.

Мындай иштердин эң белгилүүсү "Ахмадбай пирамидасы" 2016-жылы кулаган. Андан бери да миңдеген адамдар ар кандай формадагы каржы пирамидаларынын алданышканы айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG