Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Украинадан 13 миң тонна жүгөрү жүктөлгөн кеме Италияга келди


Жүк ташыган кемелердин бири.
Жүк ташыган кемелердин бири.

Украинадан 13 миң тонна жүгөрү алып бараткан "Рожен" кемеси жума күнү Түркияда токтоп, Италиянын түндүгүндөгү Равенна портуна кирди.

Кара деңиз портторунан эгин экспортун кайра баштоого уруксат берүү боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык, согуштан улам беш айдан бери токтоп турган 14 кеме акыркы эки аптада Украинадан чыгып кетти.

Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ишемби күнү дан ташып келүү үчүн дагы бир кеме Украинага жөнөп кетти.

Өткөн айдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун арачылыгы менен Түркия менен бирге Украина эгин жеткире баштаган.

БУУ буга чейин согуштан улам жүк ташуунун үзгүлтүккө учурашы дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө азык-түлүк тартыштыгына, ал тургай ачарчылыкка алып келиши мүмкүн деп тынчсыздануусун билдирген.

2022-жылдын февраль айына чейин дүйнөлүк буудай экспортунун дээрлик үчтөн бир бөлүгүн Украина менен Орусия камсыздаган.

Украинада былтыркы түшүмдөн 20 миллион тоннага жакын дан калды. Быйылкы буудайдын түшүмү да 20 миллион тонна экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG