Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Документтин электрондук түрүнө укуктук макам берүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санарип өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда мамлекеттик айрым документтердин электрондук түрүнө укуктук макам берүү сунушталып жатканын маалымдады. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрлик бул сунуш ишке ашса, жарандарга ыңгайлуу болорун белгилейт. Мында жарандар документтин өзүн көтөрүп жүрбөй, электрондук түрүн колдоно берсе болот. Учурда сыноо режиминде паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каттоо жөнүндө күбөлүк, пенсиялык күбөлүк, вакцина жөнүндө сертификат иштеп жатат. Аны колдонуу шарттары бул жакта.

Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG