Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

"Кыргыз почтасы" Хабиб Нурмагомедовдун атасынын урматына марка чыгарды


Жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана "Кыргыз почтасы" ишканасынын жетекчиси Марат Черикчиев. 10-август, 2022-ж. Бишкек.
Жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана "Кыргыз почтасы" ишканасынын жетекчиси Марат Черикчиев. 10-август, 2022-ж. Бишкек.

"Кыргыз почтасы" ишканасы жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун маркум атасы Абдулманаптын урматына марка чыгарганын билдирди. Аталган ишкана тараткан видеодо "Кыргыз почтасынын" жетекчиси Марат Черикчиев орусиялык спортчу менен жолугушууда ага ыраазычылык билдирип, анын атасы бир катар атактуу спортчуларды тарбиялаганын, мындан улам анын урматына марка чыгарылганын айткан.

Бул окуя ушул тушта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат жана аталган ишкана азырынча дооматтарга жооп бере элек.

Андан сырткары Нурмагомедовдун президент Садыр Жапаровдун уулу менен түшкөн сүрөтү дагы талкууланууда.

Былтыр августта Чолпон-Ата шаарында Нурмагомедов негиздеген уюмдун мелдешине байланыштуу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аты аталганы чоң сөз болгон.

Таймашта уткан орусиялык кикбоксер Алексей Федосеев машыктыруучусуна, атаандашына ыраазычылык билдирип жатып атын атабастан "урматтуу бир адамды туулган күнү менен куттуктайм" деп айткан жана көпчүлүк сөз ким тууралуу болуп жатканын билерин кошумчалаган.

Социалдык тармактарда ошол күнү, 3-август Камчы Көлбаевдин туулган күнү экенин жазып, бул спорттук иш-чара анын жеке майрамынын урматына уюштурулганын дагы айткандар болгон.

Анын алдында спортчу "Инстаграмдагы" баракчасына жайыл дасторкондун жанында Садыр Жапаровдун жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулдары менен түшкөн видео, сүрөттөрдү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG