Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды


Жыл сайын берилчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган.
Жыл сайын берилчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган.

Улуттук сыйлык быйыл 10-ирээт берилет жана сынакка 2020-2021-жылдары тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Анда сыйлыктар жалпысынан 18 номинацияда ыйгарылат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 30-августта Бишкекте өтөт.

“Ак илбирс” кино сыйлыгы жыл ичиндеги эң мыкты кинематография адисин, ошондой эле өлкөдөгү көркөм тасманын өсүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо салтанаты болуп эсептелинет.

Аталган кино сыйлыкты 2012-жылы белгилүү кинематографтар негиздеген жана Кыргызстандын кино тармагындагы биринчи сыйлык болуп эсептелет. Ал Кыргызстан кинематографтар союзу жана "Айтыш" коомдук фондунун колдоосунда жыл сайын өткөрүлөт.

2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлык тапшыруу аземи өткөн эмес.

XS
SM
MD
LG