Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Коррупцияга шек саналган Юрий Низовский үй камагына чыкты


Юрий Низовский.
Юрий Низовский.

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Мындай чечимди 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди.

“Шектүүнү үй камагына коё берүү тууралуу менин өтүнүчүмдү тергөө да колдоду. Анткени анын мамлекеттик сыйлыктары бар. Андан тышкары ал ооруп жатат. Низовскийдин дарты шектүүнү камакта кармоого болбой турган оорулардын катарына кирет”.

Икрамидин Айткуловдун сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Юрий Низовскийге башта “Коррупция” беренеси менен иш козгогон. Ал азыр “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлдү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү 16-сентябрга чейин үй камагына алынганын кабарлады.

9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган.

Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” кошумчалаган.

Июлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан. Ал бул сынакка катышпай турганын айткан. Аны колдогон ата-энелер акция өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG