1-августтан 7-августка чейин Кыргызстанда 895 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды.
Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккандардын 112си ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат.
Расмий эсепте пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан 3 миңдей көз жумган. (TSh)