Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Кой-Таш иши боюнча сот 10-августка жылды


Алмазбек Атамбаев сот залында 2022-жылдын 28-июну.
Алмазбек Атамбаев сот залында 2022-жылдын 28-июну.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын Кой-Таш окуясы боюнча ишин карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту айрым адвокаттардын келбей жатканына байланыштуу сот отурумдарынын убактысы так болбой жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта оор кылмыштарга айыпталып жаткан кишилердин жактоочулары сөзсүз түрдө отурумга катышуусу керек экени айтылат.

Жабырлануучу жок болгонуна байланыштуу сот иши 10-августка жылдырылган. 8-августта тартип бузгандыгы үчүн айрым катышуучулар сот залынан чыгарылганы маалым болду.

Биринчи май райондук соту 30-майда бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбын угузган жана ошондон бери жараян белгисиз мөөнөткө жылган. Анда кылмышка шектүүлөрдүн ар бирине сегизден 15ке чейин айып коюлган. Бирөө дагы күнөөсүн моюнуна алган эмес.

2019-жылы 7-8-август күндөрү кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталган Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башаламандык менен коштолгон эле.

Кандуу окуянын үч жылдыгында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө бийлигине кайрылып, абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон.

Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Октябрь, Кой-Таш окуялары боюнча да айыпталган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтукка кабылган адам катары сыпаттап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG