Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо долбоорун толук жактырганын билдирди. Маалыматка караганда, бул маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 25-июлдан 5-августка чейин Алматы шаарында жолугушту. Кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтөт.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы казак-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө макулдашуу долбоорунун текстин жана чек араны демаркациялоо боюнча акыркы документтердин пакетин түзүүнү аяктады”, - деп айтылат маалыматта.
Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 2300 чакырымдан ашат. Казак-өзбек чек арасын тактоо 2003-жылы, талаа иштери 2004-жылы башталган.
Эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыштар болгон. Советтер союзунун бийлиги “экономикалык кызыкчылык” үчүн мамлекеттердин жерлерин бири-бирине өткөрүп берип, СССР ыдырагандан кийин ага кирген өлкөлөр чек арасын тактоодо маселе жаралган.
2002-жылы Астана (ред: азыркы аты Нур-Султан) менен Ташкенттин ортосундагы “Казак-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө” келишимге ылайык, чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызылорда облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.
СССРдин курамында болгон Кыргызстан да коңшулары Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасын толук тактап бүтө элек.