Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Жапаров: зомбулукка байланыштуу иштерди Жогорку сот көзөмөлдөшү керек


Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти.
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти.

Аялдарга жана балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка байланыштуу соттук иштерди Жогорку сот көзөмөлгө алышы керектигин президент Садыр Жапаров билдирди. Бул тууралуу 5-августта Жогорку сотто судьялар менен жолукканда айтканы мамлекет башчынын сайтында кабарланды.

Жапаров коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аны чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчаларды түзүүнү белгиледи.

"Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан, алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем", - деди президент. Ошондой эле коомчулукта бүйүр кызыткан соттук иштер боюнча судьялардын чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу так чагылдыруу керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда аялдарга жана балдарга көрсөтүлгөн зомбулук тууралуу маалыматтар утур-утуру чыгып турат. Буга чейин кыркка жакын бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылып, аялдар менен балдардын коопсуздугу оорлоп баратканын билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG