Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Amnesty International уюмунун Киевдеги жетекчиси "талаштуу баяндамадан" кийин кызматтан кетти


Оксана Покальчук
Оксана Покальчук

Эл аралык мунапыс уюмунун (Amnesty International) Киевдеги кеңсесинин башчысы Оксана Покальчук Украинанын Куралдуу күчтөрүнө карата айыптоолор камтылган баяндама жарыялангандан кийин кызматтан кетти.

Ушул аптада адам укугун коргоочу уюм "Украина орус аскерлерине каршы туруу үчүн калктуу конуштарга аскерий позицияларын жайгаштыруу менен карапайым калкты тобокелге салып жатат" деген мазмунда баяндама жарыялаган.

Уюмдун Украинадагы өкүлчүлүгү отчетту даярдоого жана таратууга тиешеси жок экенин билдирген.

Оксана Покальчук Киевдеги пресс-конференцияда "Эгер сиз баскынчылар басып алган жана ыдыраткан өлкөдө жашабасаңыз, анда муну түшүнбөйсүз",- деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул баяндаманы айыптады. Amnesty International бул сынды четке какты.

Мунапыс уюмунун баяндамасында украин күчтөрү эл аралык мыйзамдарды бузуп, калк жашаган аймактарда, анын ичинде мектептер менен ооруканаларда базаларды орнотуу менен карапайым калкка коркунуч жаратып жатканы айтылат.

Баяндама орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында жигердүү чагылдырылып, аны Орусиянын Тышкы иштер министрлиги колдоп комментарий берди.

Апрелде орус бийлигинин буйругу менен Amnesty International Москвадагы кеңсесин жабууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG