Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:26

Кытай Нэнси Пелосиге каршы санкция салды


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолугушкан учуру. 3-август, 2022-жыл.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолугушкан учуру. 3-август, 2022-жыл.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге жана анын үй-бүлөсүнө каршы санкция салды. Бул тууралуу Bloomberg аталган мекемеге таянуу менен кабарлады.

Мындай чечим Пелоси 2-августта АКШнын делегациясын баштап Тайванга келип кеткенине байланыштуу кабыл алынды. 3-августта ал анда Тайвандын президенти Цай Инвэнь жана өлкөнүн парламент депутаттары менен жолукту.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык делегация келгенден кийин да кытай аткаминерлери кескин билдирүүлөрү менен чыкты. Алар Пелосинин сапарынан кийин Тайвандын айланасында төрт күндүк аскердик машыгуу баштаган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG