Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи жумасында 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүш жана анын курмандыктары эскерилет.
Быйыл да бул кайгылуу окуяны эскерүү жумалыгынын алкагында “Эсимде” изилдөө аянтчасы жүрүш уюштурууда.
Мындай жүрүш Үркүндүн 75 жылдыгына карата “Өмүр көчү” деген ат менен 1991-жылы башталып, анын башында “Ашар” козголушу” коомдук кыймылы турган.
Быйылкы эскерүү жүрүшү мурдагылардардан эмнеси менен айырмаланат? Миңдеген адамдын өмүрүн алган 1916-жылкы окуянын бүгүнкү мааниси эмнеде? Падышалык Орусиянын басымында калган эл кабылган кандуу жылдарды илимий изилдөөгө, тарыхый, саясий баа берүүгө канчалык деңгээлде маани берилип жатат? Азаттыктын “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз.
Талкууга коомдук ишмер, “Ашар” кыймылынын негиздөөчүсү Жумагазы Садыр уулу, тарыхчы-окумуштуу, журналист, Кыргызстан элдеринин тарыхый, маданий мурастарынын “Мурас” фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, “Эсимде” изилдөө аянтчасынын өкүлү, тарыхчы-окумуштуу Гүлзат Алагөз кызы катышты.
“Өмүр көчү” маалыматтык туңгуюкту жарып чыккан"
Гүлзат Алагөз кызы: “Эс тутум саясаты” деген термин бар эмеспи. Ошону мамлекет Үркүн темасында кандай колдонуп жатат? Үркүндүн 90 жылдыгы, 100 жылдыгы, “Өмүр көчү” жөө жүрүшү кандай өткөн? Аларга мамлекет кандай баа берип жатат? 1916-жылкы улуттук жоготуу ошол деңгээлинде эс тутумда жашап жатабы? Биздин максат ушундай суроолорго жооп табуу. Экинчиден, Орусия империясынан совет дооруна чейинки колониалдык саясатын, андан кийинки эс тутум саясатын, эс тутум жайларын изилдөө. Бул жүрүш он күнгө созулуп, 20 эс тутум жайында болобуз. Ал Бишкектин түштүк дарбазасындагы эскерүү ташынан башталып, Токмокко, Боомго, Көк-Мойнокко, Балыкчыга токтойбуз. Андан ары Ысык-Көлдүн күңгөйү аркылуу тескей бетине барабыз.
“Өмүр көчү” жөө жүрүшү масштабдуу болгон. Ал Үркүндү эле эмес, улуттук иденттүүлүк маселесин көтөргөн. “Эсимденин” жүрүшүнүн айырмасы - биз бул ирет жөө жүрүш жасай албай калдык. Бирок программабызга Асел Даниярова, Владимир Шварц өңдүү изилдөөчүлөр белгилеген жана эл өзү тапкан эскерүү жайларын киргиздик. “Тосор” коому быйыл дагы “Кыргын сай” эс тутум жайына биз менен чогуу экинчи ирет жүрүш жасайт.
Жумагазы Садыр уулу: Адам баласы ниетин коюп, өзү изденбесе тарыхты ачып бериш кыйын экен. Биз адегенде “Өмүр көчүн” баштаганда Үркүндүн чыныгы тарыхын билген эмеспиз да. Жүрүш маалында бардыгы туңгуюк эле. Дегеле ошол учурду элестете алган эмеспиз.
Чоң ата, чоң энелердин, жакындардын айткандарына гана таянганбыз. Демек, ошол жүрүш маалыматтык туңгуюкту жарып чыгып, башат болуп берди. Андан кийинки 90 жылдыктагы сөөк терүү жүрүшүндө тарых дагы ачыла түштү. Үркүндүн 100 жылдыгында жалпы көтөрүлүшчүлөрдүн картасы түзүлүп, окуялар ачыкталып, айтылды. Мисалы, биз “Өмүр көчү” деген жыйнак чыгардык. Анда Үркүндүн 75, 90, 100 жылдыктарындагы табылгалар камтылды.
Менин көкүрөгүмө кыргыз катары, элимдин урпагы катары ошол тарых кадимкидей отурду. Мен ошолорду эскерем, сыймыктанам, кайгырам. Бирок мамлекетибиз мектептерде жаш муунга көкүрөккө орной турган деңгээлде иш жүргүзбөй жатат деген өкүтүм бар.
Ошол эле кезде жаңы муундун, жаңы адамдардын аракеттерине курсант болуп атам. Бул нерсени токтотпой, алып жүрүп отурушубуз керек. “Мекен таануу”, “Кыргыз таануу”, “Коом таануу” дегендерди “Дин таануудан” мурда мектептерге киргизишибиз керек.
"Шылтоону өзүбүздөн издейли"
Кыяс Молдокасымов: Бул окуяга тарыхый дагы, саясий дагы баа эчак эле берилген. Биз саясий бааны азыркы Орусиядан эч качан күтпөшүбүз керек. Ал эч качан бербейт. Саясий бааны кыргыз жетекчилери, кыргыз эли бериши керек. Жусуп Абдырахманов өз докладында берген баа 1926-жылдан бери эле айтылып келет.
Совет доорунда эле бул окуяны менин устатым Кушбек Үсөнбаев өңдүү окумуштуулар куугунтукка карабай, Санкт-Петербург, Москва, Алматы архивдерин кыдырып, терең изилдеген. 1966-жылы жактаган диссертациясында, монографиясында эле 1916-жылкы кыргын жөнүндө айткан. Андан бери деле айтылып келет.
Кошуна Казакстанда Москва Үркүндү эскерүүгө тыюу салгандыктан аны уюштура алган эмес. Кыргыз бийлиги чектөөнү кабыл албай койгон. Эстеликтер курулуп, китептер чыгып, “Ата-Бейитте” ачылган эстеликке Путинди алып келип, гүлчамбар койдуруп, башын ийдирген. Бул эгемендик доордогу жеңиш болгон. Ошондуктан, шылтоону ар бирибиз өзүбүздөн издешибиз керек. “Эсимде” сыяктуу демилгелерди бардык жерде жайылтып, эгемендикке байлаган мамлекеттик идеологияга айландырышыбыз керек.
Мектептердин программасына эчак кирип, окуу куралдарында эчак эле жазылган. Биз ошол окуяга тарыхый, саясий, укуктук бааны элге жеткиришибиз керек. Кеп ар бир кыргыз жараны ошону жүрөгүнөн өткөрүшүндө. Ар бир жаңы муунга азыркы технологиялык, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жеткирүүдө. Тарыхтын сабактарын элге жеткирүү жана элдин эс тутумуна киргизүү азыркы учурдун маселеси. Эгер 1916-жылкы окуянын тарыхын элге тереңирээк жеткире албасак, биз эгемендиктин барк-баасын сезе албайбыз. Мекенчилдикти кандуу жылдардагы окуяларды аңдап билүү аркылуу гана сезебиз.
1916-жылдын 16-октябрындагы тарыхый документ бар. Ал - Түркстан генерал губернаторунун кеңешинин атайын чечими. Анда көтөрүлүшкө активдүү чыккан аймактардагы эл өз жеринен көчүрүлүшү, Ысык-Көлдүн тегерегинде бир да кыргыз айыл калбашы керектиги жазылган.
Чечимге ылайык, Кемин өрөөнү менен Чүйдүн күн чыгыш жагындагы көтөрүлүшкө активдүү катышкан айылдар Нарындын тоолоруна, Балкаш көлүнүн жээктерине көчүрүлмөк. Ордуна көчүп келген орустардан гана турган айылдар түзүлмөк. Ушул өңдүү коркунучтуу чечимдерди ар бирибиз сезгенде гана өз мекенибизге болгон сый-урмат билинет. Жогорку окуу жайдын студенттеринен 1916-жылды сурай келсең башын кашыйт. Бул - коомдун, окутуучулардын тарыхка болгон кайдыгер, сабатсыз мамилесинин көрсөткүчү.
Жусуп Садыр уулу: Мен Кыязга кошулам, 1916-жыл алаканга салгандай эле ачылып берилди. Бирок аны таратуу үчүн да мамлекет каражат бөлүш керек экен да. Көңүл буруп, мектептен жогорку окуу жайларга чейин атайын программаларды, адистерди даярдап, дембе-дем окутууну колго алыш керек экен. Кинотасмаларды да колдоо, жапырт аракет керек.
Мына, мен азыр байыркы көчмөн цивилизациясынын изи менен жүрүп атам. 1916-жыл эле эмес, андан аркы тарыхтарды да жаңы муунга жеткирүү милдети бар. Тамырды канчалык тереңдетсек, мамлекетибиздин баркына ошончолук жетебиз.
Бул менин жеке пикирим, биз азыр орто кылымдагы ислам маданиятын жайылтып атабыз. Бул да бөгөт болуп, калкты VI-VII кылымдардагы өнүгүүнүн капасына салып коюп, андан аркы тарыхыбызга кете албай, келечегибизге ой-чабыт жүргүзө албай калып жатабыз. Азыр мектептен мечит, медресе көп. Ошондуктан, көкүрөк ачылып, улуттук сезимдерди жыйнай албай жатабыз.
"Тарых эс тутумда жашаса, эгемендик сакталат"
Гүлзат Алагөз кызы: Украинада болуп жаткан согуштун бизге түздөн-түз коркунучу бар деп айтсак болот. Анткени Путиндин согуш башталарда айтканынан, акыркы Медведевдин соцтармакка жарыялаган талаштуу постунан Орусия Орто Азияны өзүнүн жери катары санап жатканын, тоодо жүргөн элди цивилицияга жеткирдик, Казакстандын кайсы бир бөлүгүнүн Орусияга таандык деген оюн, "алар карыз" деген маанайды байкоого болот.
Өзүнүн бир тууган славян элине тигиндей мамиле болуп атса, кийин Орто Азия, түрк элдерине кандай мамиле болору такыр эле белгисиз. Ошондуктан, коркунуч бар. Бирок муну идеология кылып алып, туура эмес эс тутумга да алып барбашыбыз керек. Тарыхта кандай болсо ошондой чагылдырсак туура болот.
Кыяс Молдокасымов: 1916-жылкыдай окуялардын баа-баркын билгенде гана эгемендикке мамиле өзгөрөт. Архивдик документтерди биз дагы эле казып бүтө элекпиз. Алматыда, Ташкентте том-том архивдик документтер бар. Мисалы, ошол улуттук боштондук көтөрүлүштүн лидерлеринин ар бири тууралуу архивдик документтер бар. Ошолордун мисалы, Канат хан, Батыркан Ногоев өңдүү эки-үчөөнүн гана өмүр баяны изилденди. Калгандарына кол тие элек. Мен дайыма көтөрүлүштүн башында тургандардын документтерин эртерээк алып, изилдешибиз керек деп айтып келатам. Далайына менин колум жете элек.
Жарыя боло элек архивдик документтердин ичинде кыргыздардан запкы көргөн орустардын каттары да бар. Алматынын архивинде “күйөөлөрүбүз согушта болчу, үйлөрүбүздү өрттөп кетишти. Кашкардан, Англиядан, Германиядан башка мамлекеттерден курал-жарак алып, жазда бизге кайра басып кирет деп коркуп атабыз” деген өңдүү каттар турат. Ошондуктан, муну биз комплекстүү, эмоцияга алдырбай, окуяга калыс, тарыхый аң-сезим менен карашыбыз керек. Кээде бир жактуу болуп кетебиз. Кээде саясатчылар муну күчөтүп ийет.
Изилдөөнү уланта беришибиз керек. Буга чейинки иликтөөлөрдү, архивдик документтерди чыгаруу иштери 100 жылдыкта ишке ашпай калды. 30 жылдан бери архивдик изилдөөгө атайын каражат бөлүнө элек. Мамлекет тарыхты изилдөөгө каражатын аябаш керек.
Өз мекенибизден кыргын жолу менен башка мамлекетке качып чыккан учурубузду эстешибиз керек. Биздин мамлекетибиз 1855-жылы Орусия империясына ар кандай жолдор менен кошулуп жатканда эле башыбыз баталгага байланган. Эгемендигибизден, жерибизден, укугубуздан ажыраганбыз. Ошондой мүңкүрөгөн заман менен бүгүнкү эгемендик заманды салыштырып, жаштарды, жарандарды, мамлекет башындагыларды ар дайым эсине келтирип турушубуз керек. Мекенге, тарыхка мамилени өзгөртпөсөк, мамлекетибизди кантип жок кылып, башка мамлекеттин кол алында калганыбызды билбей калабыз.
Жумагазы Садыр уулу: Менин санаркоом бар. Падышалык Орусиянын учурундагы жеке басарлык, үстөмчүлдүк саясат азыркы Путиндин саясатында да жүрүп жатканын көрүп атабыз. Ошонун тегерегиндеги адамдардын айткандарынан бизге кадыр колко мамиле, бөлүп-жаруучулук көрүнүүдө.
Ошондуктан, биздин элибиз кайгылуу тарыхты төмөндөн баштап көкүрөгүнө түйүп, мамлекетти аздектеп, эгемендиктин баркын билгенге жетишсек, мамлекет да программаларды түзүп, камсыздап, эриш-аркак иш кылсак, азыркы замандын коркунучтарынан бакубат чыгып кетебиз деген оюм бар.