Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Ишкер УКМКда суракта болгонун, куугунтукка кабылып жатканын айтууда


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

Айыл чарба министрлигинин жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (“Бишкек” СЭЗ) ишин сындап келген ишкер Илгиз Шаменов саясий куугунтукка кабылып жатканын айтууда. Балык чарбасын текшермей болуп жатышканы тууралуу билдирме алганын ал бүгүн 2-августта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу маалымдап, “Мен муну саясий куугунтук жана кысым катары баалайм. Менин артыман эч нерсе таппай, текшерүү жөнөтүп, бизнеске кысым боло баштады, сыягы. Айыл чарба министрлигинин коррупциялык схемаларынын бетин ачсам, мага текшерүү жөнөтүптүр” деп жазды.

Андан мурдараак Шаменов бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) суракта болгонун билдирген жана “Буйруса мен айтып жаткан фактылар боюнча “Бишкек” СЭЗдин, Айыл чарба министрлигинин ишин текшермей болушту. Бул жакшы жыйынтык азырынча” деп кабарлаган.

1-августта ал УКМКга барганда “Бишкек” СЭЗдеги “мамлекетке келтирилген 118 миллион сом зыян жана башка махинациялык схемалар” жана “Айыл чарба министрлигиндеги 975 миллион сом” боюнча маалымат берерин айткан.

Ишкер Илгиз Шаменов Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт.

УКМКдан анын бүгүн суракка чакырылганы тууралуу расмий маалымат боло элек.

Айыл чарба министрлиги да ишкердин айыптоолоруна комментарий бере элек.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров 29-июлда Шаменов боюнча “Фейсбукка” пост жазып, “Шаменовду жалган маалымат таратып, СЭЗ “Бишкектин” аброюна шек келтирип, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизди деп биз сотко берсек болот, “Тай-тай” бренди сотко берип компенсация төлөтсө болот, прокуратураны, бийликти коррупцияга аралашты деп жалган айыптаганы үчүн прокуратура жоопкерчиликке тартса болот” деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG