Министрлер кабинети айрым ири ишкана-мекемелерди башкаруу үчүн "Аманат" деп аталган улуттук холдинг түзө турган болду. Былтыр жазында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну, бул жараянды бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.
Бул маселе быйыл жазында Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бир жылдын ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болгон. Мындан улам жагдайды иликтөө үчүн депутаттык топ түзүлгөн.
Мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировдун билдиришинче, "Аманаттын" курамына "Манас" эл аралык аэропорту, "Кыргызалтын", "Нефтегаз" жана айрым банктар баштаган 16 мекеме-ишкана кирет жана баштапкы уставдык капиталы 100 миллион сомду түзөт. Анын айтымында, улуттук холдинг келерки айга чейин түзүлүшү мүмкүн, учурда өкмөттүн токтомунун долбоору Министрлер кабинетинде каралып жатат.
"Президенттин улуттук холдинг түзүү боюнча жарлыгы чыккан. Ал негизинен акционердик коомдорду координациялоого, башкарууга, ошолор менен иш алып барууга багытталат. Бул жаатта коңшу мамлекеттерде, мисалы, Казакстандагы "Самрук казна" деген жана Сингапур, Индонезия өңдүү мамлекеттерде тажрыйба бар. Ошол эле маалда Мамлекеттик мүлк фондунун дагы бир топ ыйгарым укуктары бар. Бул - менчиктештирүү, ижара маселеси, жоюлуп жаткан мамлекеттик мекеменин мүлктөрүн экинчи мекемеге өткөрүп берүү, инвентеризациялоону жүргүзүү. Учурда өкмөттүн кароосуна улуттук холдинг тууралуу токтомдун долбоору киргизилген. Макулдашуунун жыйынтыгы менен сентябрга чейин чечим чыгышы керек. Ошондо президент айткан мамлекеттик мүлккө байланыштуу маселелер жылат деген ойдомун".
Ишкер Айбек Сарыгул мамлекеттин мүлктөрүн ирилештирип башкаруу дайыма эле ийгиликтүү болбой турганын, мында өлкөнүн жалпы акча жүгүртүүсү маанилүү экенин Фейсбукка жазды.
Былтыр май айында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну, менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.
"Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет - мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”, - деп айткан.
Ушул жылдын апрель айында Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу округдардан шайланган "Элдик" депутаттар тобу бул маселени караган жана анда жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болгон. Көп өтпөй мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду жана улутташтырылган объектилерди башкаруунун натыйжалуулугун иликтеген убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысынын орун басары Медер Машиев алты айдын жыйынтыгы менен берилген план ашыгы менен аткарылганын билдирди.
"Мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке план боюнча 1 миллиард 707 миллион сом бекитилсе, ал 2 миллиард 205 миллион сомго аткарылып, аткаруу 129% түздү. Анын ичинен дивиденддер 1 миллиард 858 миллион сом, мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан 226 миллион сом, ижарадан 63,7 миллион сом жана башка каражаттар 57 миллион сомду түздү".
Расмий маалыматка ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда экономиканын ар кандай тармактарында иш жүргүзгөн 49 акционердик, 16 жоопкерчилиги чектелген коом бар. Мындан эки жыл мурун 104 мамлекеттик ишкана болсо, азыр алардын айрымдары бириктирилип, учурда 93ү калды.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков бийлик убада кылган менчиктештирүү жараяны дээрлик ишке ашпай жатканына токтолду.
"Бардык демократиялык өнүккөн мамлекеттерде мамлекеттик мүлктүн пайызы эң төмөн. Бизде дагы болгон мамлекеттик ишкана, мекемелердин баарын былтыр кабыл алынган программанын алкагында ачык аукционго коюп, сатып таратып берүү керек. Андан сырткары мамлекеттин колуна ири, экономикага таасир эте турган, стратегиялык гана объектерди калтырыш керек. Былтыр жакшы программа кабыл алынган. Тилекке каршы, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен ал ишке ашпаганын фонд деле жарыялады. Мамлекетке караштуу ишкана жана башкалардын баарын оптималдаштырып, аукционго коюп сатып, санын азайтабыз деген программа эле. Мамлекетте түшүнүксүз, киреше алып келбеген ишканалар болбошу керек".
Айрым эксперттер соңку кездери мамлекеттик мүлктөр менчиктештирүүнүн ордуна, мамлекеттик ишканалар көп түзүлүп жатканын белгилешет.
Экономист Кубанчыбек Идиновдун пикиринде, "Аманат" улуттук холдинги эң ириде келечеги бар тармактар менен иш алып барышы керек.
"Биздин улуттук экономикага, ички керектөөгө эмне керек жана экспортко эмне чыгара алабыз дегендин үстүнөн иштеши керек. Жаңы секторлорго, тармактарга басым жасашы керек. Мисалы, электрондук өнөр жай, компьютердик өнөр жай өндүү, перспективасы бар тармактар менен алектенгени оң".
Кыргыз бийлиги жыл башында “Улуу көчмөндөр мурасы" аттуу улуттук холдингин түзгөн. Анда ишкана Кумтөр кенин башкарарын, жалпысынан кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашуун ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.
Өткөн айда Жогорку Кеңеште "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги ижарага алган имаратка байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Көп өтпөй анын башчысы Тенгиз Бөлтүрүккө президент жана өкмөт башчы менен кеңешпей туруп жаңы имаратка көчкөнүнө байланыштуу эскертүү берилген.