Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

Ош: Ак-Бууранын жээгинен 50-55 жаштагы кишинин сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалда министрлигин кызматкерлери адамдын сөөгүн алып чыгууда. 2022-жылдын 1-августу.
Өзгөчө кырдаалда министрлигин кызматкерлери адамдын сөөгүн алып чыгууда. 2022-жылдын 1-августу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинен 50-55 жаштагы кишинин сөөгү табылды.

Маалыматка караганда 1-август күнү куткаруу кызматына Ак-Буура дарыясынын ортосундагы чакан аралчада эркек киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаардык куткаруу кызматы сөөктү суудан алып чыккандан кийин аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Буга чейин, 30-июнда Ак-Буура дарыясынын жээгинен 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшкөн учурда коопсуздукту сактоого чакырып келет. (AAb)

XS
SM
MD
LG