Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:57

Cырт жайлоосунда милиция машинеси тыгылып калган туристтерге жардам берди


Кыргызстандагы жайлоолордун бири. Иллюстрациялык фото.
Кыргызстандагы жайлоолордун бири. Иллюстрациялык фото.

Ысык-Көл облусунун Арабел жайлоосунда автоунаасы баткакка тыгылып калган франциялык туристтерге туристтик милиция кызматы жардам берди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, 29-июлда Жети-Өгүздүн Арабел жайлоосунун Сырт тилкесинде туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тыгылып калган машинаны көрүшкөн.

Машинасы суу боюндагы баткакка тыгылып жаткан Абдулла менен Фатима тоого жакындап барыш үчүн сууну кечип өтүүгө аракет кылып, бирок ал оңунан чыкпай, алты саат туруп, акыры үшүй башташканын айтып берген.

Кыргызстан акыркы жылдарда өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн кенен колдонуу саясатын жүргүзүп келет. Учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Чек ара кызматынын маалыматына таянып, турист катары келүүчүлөрдүн эң көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана Араб өлкөлөрүнүн жарандары.

Өткөн жумада маданият, маалымат, спорт жана туризм министри Азамат Жаманкулов жыл башынан бери өлкөгө 3 млн. 823 миң 706 турист келгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG