Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

Ооганстанда "Ал-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири өлтүрүлдү


Усама бин Ладен (солдо) менен Айман ал-Завахири (оңдо) пакистандык журналист Хамид Мирге (Пакистан) интервью берип жаткан маалда.
Усама бин Ладен (солдо) менен Айман ал-Завахири (оңдо) пакистандык журналист Хамид Мирге (Пакистан) интервью берип жаткан маалда.

Өткөн дем алыш күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын учкучсуз учагы Кабулда "Ал-Каиданын" анабашы Айман ал-Завахирини жок кылды. Бул тууралуу 1-августтун кечинде АКШнын президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө айтты.

Анын маалыматы боюнча, Айман ал-Завахиринин кайда экендигин Кошмо Штаттардын чалгын кызматы мындан бир нече ай мурда аныктаган. Тийиштүү жетекчилик менен кеңешкенден кийин ал-Завахирини жок кылуу боюнча буйрук берилген жана анын Кабулдагы үйүнө 31-июлда таңкы саат 6:18де эки ракета менен сокку урулган. Аткылоодон "Ал-Каиданын" башчысынан башка эч ким жапа чекпегени маалымдалды. Ракета тийген убакта Айман ал-Завахири үйдүн балконунда болгон.

Байден муну менен Кошмо Штаттары террорчуларды дүйнөнүн кайсы жеринде гана болбосун таап, жазага тартарын көргөздүк деп эсептейт.

Бул окуя азыр бийликтеги талибдер Айман ал-Завахиринин Кабулда жашап жатканын билгенби деген суроону жаратты. Анткени АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү маалында талибдер "Ооганстандын аймагына террорчуларды киргизбейбиз" деп сөз беришкен.

Өз кезегинде "Талибан" кыймылынын өкүлү Забихулла Муджахид талибдер башкарып жаткан Ооганстандын өкмөтү бул ракеталык аткылоону кескин сындай турганын билдирди.

Президент Жо Байден үчүн бул окуя анын президенттик ишмердигинин маанилүү белеси болуп калды, себеби Айман ал-Завахири акыркы 21 жылдан бери колго түшпөй келген болчу.

Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын маалыматы боюнча Айман ал-Завахири 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы дээрлик үч миң кишинин өмүрүн алган ири террордук чабуулду уюштургандардын башында турган. (КО)

XS
SM
MD
LG