Орусиядагы кыргызстандыктардын 100 баласы бүгүн 1-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборуна келгенин Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, чет жактагы кыргыз жарандарынын балдарынын тарыхый мекени менен байланышын бекемдөөгө жана аларды көл жээгинде эс алдырууга багытталган бул жаңы долбоорду Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Екатеринбургдагы башкы консулдугу биргелешип ишке ашырууда.
Бул жолу “Алтын балалыкка” Орусиянын Свердловск, Челябинск, Тюмень, Пермь, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск аймактарындагы балдар келди. Алардын тизмесин кыргыз диаспораларынын жетекчилиги окууда, чыгармачылыкта, коомдук-маданий иштерде мыктылыгын көрсөтө алгандардын арасынан тандап түздү.
Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" борбору быйыл 1-июнда ачылган. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар.
“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери борбордун курулушу аяктабай турган.Өткөн жылы 15-октябрда аны ишке киргизүү максатында уюштурулган кайрымдуулук марафону өткөн. Ага президент Садыр Жапаров катышып, борбор куруларын жана пайдаланууга берилерин убада кылган.
Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын айрымдары Орусиянын жарандыгын алган, көбүнүн балдары ошол жакта туулган. (RK)