Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Согуш башталгандан бери биринчи жолу дан жүктөгөн кеме Украинадан чыкты


Украинадан жүгөрү ташып бараткан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.
Украинадан жүгөрү ташып бараткан Razoni кемеси. 1-август, 2022-жыл.

Төрт тараптуу макулдашуунун алкагында Украинанын дан азыктарын жүктөгөн кеме согуш башталгандан бери биринчи ирет Кара деңизде жолго чыкты. Бул тууралуу Украина менен Түркиянын бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков Razoni деп аталган кеме Сьерра-Леоне өлкөсүнүн желегинин астында Одессанын портунан чыгып кеткенин маалымдады. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар билдиргендей, кеме 2-августта Стамбулга барат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттерде жазган постунда дандын алгачкы партиясын жөнөтүүнү “дүйнөгө жардам” атады. БУУнун басма сөз кызматы баш катчы Антониу Гутерриш бул кабарды жылуу кабыл алганын билдирди.

Стамбулдагы экспортту көзөмөлдөөчү Бириккен координациялык борбор Razoni кемеси 26 миң тонна жүгөрү ташып баратат.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда Стамбулда кол койгон.

Соңку келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек эле. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникасы гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG