Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Боомдогу жолдун бир тарабы кайра жабылды


Кубакы ашуусу. 2022-жылдын 1-августу.
Кубакы ашуусу. 2022-жылдын 1-августу.

Боом капчыгайынын Ысык-Көл тараптагы чыга беришинде бүгүн, 1-августта кайрадан сел жүрүп, автоунаалардын тыгыны пайда болду. Саат 14:30га карата Кубакы ашуусунда, жолдун Бишкек тарапты көздөй кетүүчү тилкеси убактылуу жабылды.

Болжол менен эки чакырымга жеткен машинелердин тыгыны пайда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул тууралуу "Боом капчыгайындагы жолдун Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу тилкесин саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоодон чогулган сел каптады. Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы менен 154-155-чакырымында эки тилкеде сел катталды. Учурда жол бир тараптуу ачык. Кыян жүрүп, сел каптаган жерге тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаарынан үч куткаруучу, эки грейдер, эки жүктөгүч тартылды" деген маалымат таратты.

30-июлда Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын чек арасы кесилишкен жердеги Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 128-129-чакырым аралыгында сел жүрүп, кум-шагыл толуп калган. Жолдун эки тарабы тең убактылуу жабылып, машинелердин тыгыны пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG