Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Иракта демонстранттар парламенттин имаратын кайрадан басып алышты


Ирактын парламентин басып алган Муктад ас-Садрдын тарапкерлери.
Ирактын парламентин басып алган Муктад ас-Садрдын тарапкерлери.

Ирактын шийи багытындагы диний лидерлеринин бири Муктад ас-Садрдын тарапкерлери өлкөнүн парламентине экинчи жолу кирип барып, акциясын имараттын ичинде уланта баштады. Алар өкмөт толук тарамайынча парламенттен чыгып кетүүдөн баш тартты.

Чогулгандар Багдаддагы мамлекеттик имараттар жайгашкан кайтаруудагы "Жашыл зонага" 27-июлда кирип барышкан. Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин имараттын негизги бөлүгүн бошотушкан. 30-июлда парламентке кайрадан кирип, ал күнү жана 31-июлда анын негизги залында жана жыйын өтүүчү залында таң атырышты. Митингчилер имараттын ичинде тамак жасап, ошол жерде уктап жатышат.

Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” былтыр октябрдагы шайлоодо биринчи орунду алып, Ирактын 329 орундуу парламентинде 74 мандатка ээ болгон. Коңшу Ирандын бийлиги менен байланышкан башка партиялар аз-аздан мандат алышкан. Садр өз алдынча башкаруучу коалиция түзө албай койгондон кийин депутаттарын чакыртып алган.

Ошондон бери Иракта туруктуу өкмөт жок, премьер-министр милдетин аткаруучу макамында гана келатат.

Мурдагы премьер-министр Нури аль-Малики баштаган "Координациялык түзүм" өткөн аптада экс-министр Мухаммед Шиях ас-Суданини өкмөт башчылыкка сунуштаган. Бул “Садрчылар кыймылынын” нааразылыгын тутанткан.

Муктад ас-Садрдын тарапкерлери парламентти, өкмөттү таратып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Алар аль-Малики менен ас-Судани Ирандын бийлигине көз каранды деп эсептешет.

Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги Багдаддагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу камтамачылыгын билдирип жатат. ЕБнин расмий өкүлү “жаңжалдар күчөп кетиши мүмкүндүгүн эскертсе, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жаңы өкмөттү түзүүдө тынчтык жол менен сүйлөшүүгө чакырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG