Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:57

Украина: олигарх Вадатурский аткылоо учурунда каза болду


Ишкер Алексей Вадатурский.
Ишкер Алексей Вадатурский.

Украинадагы "Нибулон" айыл чарба компаниясынын негиздөөчүсү жана эң бай украиналыктардын бири Алексей Вадатурский жубайы менен 31-июлга караган түнү орус аскерлеринин Николаевди аткылоосунан каза болушту. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы (Радио "Свобода") жазды.

Маалыматты облустук администрациянын башчысы Виталий Ким билдирген. Вадатурскийдин өлүмүн Жогорку Рададагы “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия жана Украина президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермак да ырасташты.

Кабарларга караганда, снаряд ишкердин үйүнө түшкөн.

"Алексей Афанасьевич Николаев, Украина үчүн көп иш жасады. Анын агрардык жана кеме куруу өнөр жайын, аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис", - деп жазды Ким.

Алексей Вадатурский 74 жашта болчу. Украинанын Forbes журналынын эсебинде 2021-жылы "Нибулон" кирешеси боюнча Украинадагы үчүнчү айыл чарба компаниясы болгон. Компания айыл чарба продуктуларын өндүрүү, экспорттоо, кеме куруу жана ташуу иштери менен алектенип келген.

2021-жылы ал 430 млн. доллар байлыгы менен өлкөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 24-орунда турган. 2007-жылы Украинанын Баатыры наамын алган.

Мурдарак Николаев жана Харьков шаарларынын башчылары жекшембиге караган түнү катуу аткылоо болгонун билдиришкен. Николаевдин мэри Александр Сенкевичтин айтымында, бир канча жарылуулардан кийин өрт тутанган, турак үйлөр талкаланган.

XS
SM
MD
LG