Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Украин бийлиги Донбасстын тургундарын эвакуациялай турганын жарыялады


Украиннын вице-премьери Ирина Верещук
Украиннын вице-премьери Ирина Верещук

Украина өкмөтү жылытуу мезгили башталганга чейин Донецк облусунун оккупацияланбаган аймактарынын тургундарын милдеттүү түрдө эвакуациялайт. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди. Анын айтымында, аймактын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө газ түтүктөрү талкалангандыктан, кышында жылуулук берилбейт. Верещук Донецк облусунан кеминде 200 миң адамды эвакуациялоо пландалып жатканын айтты. Вице-премьер-министр белгилегендей, жашоочулар эвакуациялоодон жазуу жүзүндө баш тарта алышат, алар бардык кесепеттерди билишет жана өз өмүрлөрү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Тургундары көчүрүлө турган кийинки аймак Запорожье облусу болушу мүмкүн. Облустун 65% газ куурлары жок.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган беш айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар каза болду. Эки тараптын кагылышуусунан миңдеген аскерлер кырылды.

XS
SM
MD
LG