Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстан “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Кыргызстан “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады. Президенттик администрациядан билдиришкендей, бүгүн, 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

Маалыматта айтылгандай, тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда элчи Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100 пайызын «Кыргызалтындын» пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

"Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине республиканын улуттук кенчи – “Кумтөр” кенин Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн улуттук мыйзамдардын (экологиялык, салыктык, корпоративдик, эмгектик ж.б.) жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен натыйжалуу иштетилишин камсыздоого ыкчам тапшырмаларды берди", - деп айтылды маалыматта.

Бүгүн эле келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлгөнү, жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтый турганы айтылды:

- “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тартып кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.

- “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.

- «Центерра» кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм берери макулдашылды.

- “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары болот. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.

- "Центерра" кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

2021-жылы май айында “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү өз карамагына алган.

2022-жылы апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Май айында президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кумтөр боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирерин айткан. 10-майда мамлекет башчысы кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG