Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Шаардык сот блогер Адилет Балтабайдын арызын кароону кийинкиге калтырды


Адилет Али Мыктыбек сот залында. 2022-жылдын 29-июлу.
Адилет Али Мыктыбек сот залында. 2022-жылдын 29-июлу.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин бөгөт чарасы боюнча Бишкек шаардык сотунда бүгүнкү 29-июлга пландалган сот отуруму болгон жок. Буга ал залда башка иш карала турганы себеп экени айтылды, бирок адвокаты зал бош турганын, башка процесс жүрүп жатканын көрбөгөнүн билдирди.

Жактоочунун айтымында, райондук сотто аныкталган бөгөт чарасына каршы апелляциялык даттануу менен шаардык сотко ал бир ай мурда, активист жаңы кармалганда эле кайрылган жана мыйзам боюнча арызы 14 күн ичинде каралышы керек болчу.

Бул маселе боюнча кийинки отурум 1-августка белгиленди.

Адилет Али Мыктыбек 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.

Райондук милиция ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген, бирок кайсы башаламандык тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган эмес.

27-июлда Биринчи Май райондук соту активисттин камак мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Ал күнү сотто "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып Адилет Али Мыктыбек коюлган айыптарды "саясий буйрук" деп атаган жана эркин өлкөнүн жараны болгонуна карабастан пикири үчүн камалып отурганын айткан.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн жана Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин билдирген.

Адилет Али Мыктыбек акыркы бир нече айда "Фейсбуктагы" баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. (KS)

XS
SM
MD
LG