Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:05

АКШ Пригожиндин “троллдор фабрикасы” жөнүндө маалыматтарга 10 млн. доллар сыйлык жарыялады


Евгений Пригожин президент Владимир Путинге өз ишканасын көрсөтүүдө. Архивдик сүрөт.
Евгений Пригожин президент Владимир Путинге өз ишканасын көрсөтүүдө. Архивдик сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттардагы шайлоолорго сырттан кийлигишүү жөнүндө маалыматтарды бергендерге 10 млн. доллар сыйлык жарыялады. Мындай кийлигишүүгө мурдараак орусиялык бийликтер жана алар менен байланышкан адамдар менен компаниялар айыпталган.

Мамдепартаменттин сайтында АКШга орус ишкери Евгений Пригожин жана “троллдор фабрикасы” деп аталган анын Интернет-изилдөөлөр агенттиги тууралуу маалымат керек экени жазылган. Пригожин 2016-жылы америкадагы президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыпталып, издөө жарыяланган. Маалыматта ал “троллдор фабрикасынын” ишмердүүлүгүнө аралашкан делген он орусиялык жарандын аты-жөнү да келтирилген.

Кошмо Штаттардын атайын прокурору Роберт Мюллердин иликтөөсү Орусия АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкенин аныктаган. Бул аракеттерге орус бийлиги уруксат бергени да такталган. Кийлигишүүнүн башкы максаты американын коомчулугунда ажырым жаратуу деп аталган.

Кийлигишүү интернет аркылуу ишке ашкан. Орусиялык “троллдор” республикачыл талапкер Дональд Трамптын талапкерлигин колдоп турушкан. Мындан сырткары орус чалгын кызматы Демократиялык партиянын серверин бузуп, андагы купуя маалыматтарды таратып жиберген.

Иликтөө Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрү Орусия менен сүйлөшүп иш алып барганын көрсөткөн. Дональд Трамп 2016-жылкы шайлоодо утуп чыгып, 2021-жылга чейин президент болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG