Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Молдовада өзгөчө абал дагы эки айга узартылды


Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.
Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.

Молдованын парламенти өлкөдөгү өзгөчө абал режимин дагы 60 күнгө узартууга добуш берди.

Өкмөт коңшу Украинага Орусия кол салгандан кийин Молдовада жаралган кризистерди жоюу үчүн үчүн аларга өзгөчө ыйгарым укук зарыл экенин билдирди.

Премьер-министр Наталья Гаврилитэ депутаттарга энергетика тармагына жана чек аралардын коопсуздугуна дале коркунуч бар экенин, мындан сырткары Украинадан келген качкындардын агымын башкаруу оор болуп жатканын айтты.

“Украинадагы согуштан улам Молдова үчүн тобокелдиктер дале жогору бойдон калууда. Өкмөткө кошумча ыйгарым укуктар керек”, - деди Гаврилитэ.

24-февралда Орусиянын аскелери Украинага басып киргенден эки күндөн кийин Молдова дагы өзгөчө абал режимин жарыялаган. Ал апрелде, июнда дагы узартылды. Режимдин узартылган акыркы мөөнөтү 8-октябрь.

Ушул күнгө чейин Молдовага Украинадан 500 миңдей киши качып өткөн. Алардын 100 миңдейи ушул өлкөдө калып, баш калкалап жатат. Молдованын бийлиги азыркыга чейин орус аскерлери Приднестровьеге да басып кириши мүмкүн деп чочулап келет. Москванын айрым аткаминерлери мурдараак Украинанын аймагы аркылуу Приднестровьеге чейин жетерин кулактандырган.

Молдованын бийлиги Украина менен чектеш кууш линияда жайгашкан Приднестровье аймагына көзөмөл жүргүзө албайт. Днестр дарыясынын боюнда орус тилдүү калк 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз аймак деп жарыялаган. Түзүм Тираспол шаарын өз борбору деп эсептейт.

Эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн. Приднестровьедеги 200 миңдей жаран Орусиянын жарандыгын алганы буга чейин ырасталган. 2014-жылы Приднестровьенин Жогорку Совети Орусияга кошулуу тууралуу чечим кабыл алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG