Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:30

Донецкидеги жикчилдер ракеталык соккудан туткундагы 40 украин аскери өлгөнүн маалымдады


Өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”-“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн желеги.
Өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”-“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн желеги.

Украинанын Донецк облусунун аймагында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”-“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмү ракеталык соккудан Еленовка конушундагы абакта туткунда жаткан 40 украин аскери мерт болгонун маалымдады.

Өзүн түзүмдүн маалымат министринин орун басары деп атаган Даниил Безсонов Телеграм каналындагы билдирүүсүндө, “соккуну украин күчтөрү HIMARS артиллериясынан жасашты” деп белгиледи. Анын кабарлашынча, 130дай адам жараат алды.

Жикчилдердин өкүлүнүн маалыматын орусиялык маалымат агенттиктери биринен сала бири жарыялап жатышат. Аларда башка булактардын маалыматтары келтирилген эмес. Абакты аткылоо жана андагы туткундардын өлүмү тууралуу көз карандысыз маалымат алуу азырынча мүмкүн боло элек.

Еленовка Донецк облусундагы шаар тибиндеги конуш болуп саналат. Анда жайгашкан №120 абакта быйыл майда Мариупол шаарында колго түшүрүлгөн украин аскерлери туткундалып турганы мурдараак кабарланган.

Украинанын командачылыгынын маалыматына караганда, жумага караган түнү Донецк облусундагы Иловайск шаарындагы жана Херсон облусундагы конушундагы орусиялык курал-жарак кампаларына сокку урулган.

Өз кезегинде украин тарап Орусиянын күчтөрүнүн аткылоосунан улам Николаев шаарындагы жайкын кварталдарда төрт адам каза болгонун, жабыркагандар катталганын билдирүүдө. Мындан сырткары Никополь шаарына сокку урулду. Донецк облусунун Украинага баш ийип турган аймагында соңку суткада кеминде сегиз адам өлдү. Негизги кармаштар азыр так ушул облуста уланып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG