- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Аалам чокусу деп аталып калган Памирдин асман мелжиген бийик тоолорунун арасынан орун алган Мургаб районунда төрөлүп өскөн акын, Тажикстан Журналисттер кошуунунун мүчөсү Султан Парманов менен "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинде иштеп жүргөн жылдары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы улутташтарыбыз мекендеген аймакта окурмандардын жолугушуусуна катышуу максатында барган учурда таанышкан элем. Анда ал партиянын Мургаб райкомунун уюштуруу бөлүмүн жетектеп турган кези экен.
Чет жердеги бир ууч кыргыздардын арасынан өсүп чыккан жигердүү интеллигент жигит ошондо окурмандар менен баарлашуу жыйынын ойдогудай уюштурганы азыр деле эсимден чыга элек.
Жылуу маанайда өткөрүлгөн жыйындан кийин ал ушул райондогу Көөнө-Коргон айылында төрөлүп өскөнү, райборбордогу кыргыз орто мектебинде окуганы, 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктап келгени, эмгек жолун кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаганы, кийинчерээк мыкты кадр экени эске алынып партиянын Тоолуу Бадахшан автоном облустук комитетинин идеология бөлүмүнүн инструктору, андан соң Мургаб райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчылык кызматына жакында эле дайындалып иштеп жатканын учкай айтып берген болчу.
Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин союз тарап, Султан мырза райондун билим берүү тармагында мугалим болуп иштеп калат. Соңку учурларда кыргыз тилиндеги көзгө сүртөр райондук газетаны чыгаруу кыйынчылыкка дуушар болот. Ошондо ал 1998-жылы жергиликтүү бийликтин басма сөз органы саналган "Сарыкол" (союз учурунда "Мургаб коммунисти" деп аталчу) гезитине редактор болуп дайындалат.
Бул иштин машакаты көп экенине карабай, эли табыштаган милдетти сабырдуулук жана билгичтик менен аткарууга киришет. Асман тиреген тоолордун арасында ар бир санын тумардай сактап окуган элинин улуттук гезитинин чырагы өчпөсүн үчүн Султан Парманов бардык машакаттарга туруштук берүүгө кайыл болгон.
Газетаны райондук басмаканада басып чыгаруу кыйын боло баштаган учурда мүңкүрөп калган эмес. Бир санга пландаштырган материалдарды белендеп, Ош облусунун басмаканасына аалам чокусунан улутташтык үмүт менен бел байлап келет. Тийиштүү жетекчилерге келген максатын, эгер "Сарыкол" гезити чыкпай калса Мургабдагы бир ууч кыргыздардын бактысына жаралган жылдызы өчкөндөй чоң жоготуу болорун төкпөй-чачпай айтып, жардам сурайт.
Натыйжада, көктөн тилегени жерден табылып, гезитти ай сайын бир жолу акысыз чыгарып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошентип, өжөр редактор гезиттин мыкты жасалгаланган жаңы санын оңой-олтоң жарыкка чыгаргандан кийин, Ош тараптан жакшы кабар күтүп турган жердештерине абдан чоң кубаныч менен келген экен. Анын ушундай өжөрлүк менен сооптуу иш кылып жатканын ал жактан келип-кетип турган памирликтерден угуп, ар дайым кабардар болуп турчумун. Кесиптеши катары жолугуп калсам, колдон келген жардамымды берейин деген ниетим да бар болчу.
Ошол жылдары этникалык кыргыздарды колдоого ала турган "Манас Ата" коомдук фондунун каражаты менен чыга баштаган "Аалам кыргыздары" аттуу журналга жарыяланган маегин окуп калдым. Султан мырза ал маегинде мындай маалыматтарды айтып берген эле:
"…Бул гезит чет өлкөдө жашаган кыргыздардын жападан-жалгыз гезити десек болот. Анын түптөлүшүнүн жана аталышынын өзүнчө тарыхы бар. Гезиттин "Сарыкол" деп аталышынын мааниси – Памир чөлкөмүндөгү кыргыздар жашап келе жаткан кеӊири аймак Сарыкол деп аталган. Сарыколдо биздин кыргыз элибиз тээ атам замандан бери жуурулушуп жашап келе жатканын билебиз. Союз тарагандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларында посттор коюлду. Карым-катыш мурдагыдай ээн-эркин болбой калды. Ошого карабай биз башка өлкөдө жашасак деле эне тилибизди, салт-санаабызды, руханий баалуулуктарыбызды сактап калуу максатында "Сарыкол" деп аталган өз тилибиздеги гезитибизди түптөп, окурман элибизге таратып келатабыз.
Бул аракетибиз Тажикстандын жергиликтүү да, жогорку бийлиги тарабынан да колдоого алынды. Районубуздун мамлекеттик акимчилигинен каржылык жана маалыматтык жардамдар берилип жатат азыр. Тажик Республикасынын Маданият министрлиги гезитибизди каттоодон өткөрүп берген. Биздин эл адабиятка, маданиятка өзгөчө маани берген, чыгармачылыкка кызыккан эл. Ошол себептен гезитти чыдамсыздык менен күтүп, үзбөй окуп турушат. Окулбай текчеде саргайып жаткан гезит жок. Эл жазылууга да астейдил мамиледе. А мен болсо ар бир айдын башында Ош шаарына барып, гезитти басмаканадан чыгарып келем. Кыскасы, ай сайын Ошко жол тартмай…"
"Сарыкол" гезитинин азыркы абалы кандай экени, ким редактордук кылып жатканы мага белгисиз. Ошол бир ууч кыргыздардын көзгө сүртөр гезитинин чырагы өчпөй Памир тоолорун жарытып турса экен деп ар дайым ойлой берем.
Ошол чыракты өчүрбөөгө көп жылдар бою салым кошуп келген калемгер Миталип Жумабаев сыяктуу жергиликтүү журналисттердин бири ушул Султан Парманов деп айтаар элем.
Анын арыдым-чарчадым дебей бир нече жыл Ошко байма-бай каттаган чыгармачыл өжөрлүгүн, чет өлкөдө жашап жүрүп жетишкен интеллигенттик күжүрмөндүгүн аалам капкагында кылымдардан бери жашап келаткан эли баалап жүргөн болуш керек деген пикирдемин.