Быйыл 20-июнга чейинки аралыкта - дээрлик беш айда чет мамлекеттерде каза болгон 292 кыргызстандыктын сөөгү Бишкекке жана Ош шаарларына жеткирилген. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлда мекеменин алты айдагы ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып айтты.
Ага ылайык, "Жүк-200дү" алып келүү үчүн республикалык бюджеттен 27,7 млн. сом төлөнгөн.
Былтыр өлкөгө чет жактан 540 кыргызстандыктын сөөгү алып келинген. Буга республикалык бюджеттен 45 миллион сом коротулганы белгилүү болгон.
Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт.