Кумтөр алтын кенине байланыштуу эл аралык соттордогу териштирүүлөргө мурда кыргыз өкмөтүнөн акчасын өндүрө албай жүргөн башка чет элдик компаниялар да кошулганы белгилүү болду.
Юстиция министри Аяз Баетов 27-июлда жарым жылдык ишмердиги тууралуу маалымат жыйынында отчет берип жатып, эл аралык арбитраждардагы Кыргызстанга каршы доолорго токтолду.
Ал "Центерра Голд" компаниясынын "Кумтөр" боюнча иши жакында Нью-Йорктун, Стокгольмдун жана Онтарионун сотторунда карала баштаганын билдирди.
Анын айтымында, мурда кыргыз өкмөтүн башка иштер боюнча соттон утуп алган чет элдик компаниялардын бири эл аралык сотто "Кыргызалтындын" акцияларына доомат коюп, кайрылган.
“Кумтөр” боюнча Кыргызстанга каршы 5 миллиард долларга жакын доо болгон. Ал быйыл апрелде токтотулган. Азыр жараяндар уланууда. Нью-Йоркто, Стокгольмдо, Онтариодо жараяндар жүрүп жатат. Стокгольмдогу жогоруда айтылган 5 миллиард долларлык доо токтотулган. Нью-Йоркто сот бүгүн болот, ал да өтө маанилүү жараян. Онтариодо эртең болот. Тилекке каршы, Кыргызстанга каршы биз мурда утулуп калган компаниялардан да доо арыздар берилип жатат. Мурда биз Entes Construction компаниясына каршы 27 миллиондук ишти уттурганбыз, "Ак-Кеме" боюнча, Куттуу-Сай-2 лицензиясы боюнча... Эми анын баары Нью-Йорктогу да, Канададагы да иштерге кошулду. Же алар “Кыргызалтындын” акциялары мамлекетке таандык экенин далилдегиси келип, тараптарга кандайдыр бир басым көрсөткүсү келип жатышат”.
"Центерра Голд" компаниясынын кызыкчылыгын жактаган адвокаттар былтыр жазында кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизгенден көп өтпөй Нью-Йорктун банкроттуулук иштери боюнча сотуна жана Стокгольмдогу эл аралык арбитражга кайрылган.
Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр дээрлик бир жыл бою уланып келди. Быйыл апрель айында кыргыз өкмөтү менен "Центерра" жаңы келишимге кол койгон. Ага ылайык, тараптар эл аралык соттордогу Кумтөргө байланыштуу доолордон баш тартмай болушкан.
Law360 порталы жазгандай, жакында "Центерра" тараптын адвокаттары Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кумтөргө байланыштуу ишти токтотуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Бирок мурда Кыргызстанда иштеп кетип, кыргыз өкмөтүнөн чыгымын өндүрө албай жүргөн башка компаниялар сотко арызданып, ишти токтотууга каршылыгын билдиришкен.
Алардын бири 2011-жылы Куттуу-Сай-II кенин иштетүү укугунан ажыратылып, бирок кийин кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражда утуп алган канадалык Stans Energy компаниясы. Бул компаниянын кызыкчылыгын коргогон Gebre LLC уюму "Кыргызалтындын" "Центеррадагы" акцияларын кыргыз өкмөтүнүн активи катары таанып, мурда соттон утуп алган 18,1 млн. доллар акчасын кыргыз өкмөтү төлөп бермейинче аталган үлүштү Stans Energy компаниясына ыйгаруу талабы менен сотко кайрылган.
"Эркин Эл" партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жетекчилер жеке кызыкчылыгын жогору койгондун айынан Кыргызстан миллиондогон доого жыгылган учурларды мисал келтирди.
"Тилекке каршы, биздин кээ бир жогорку кызматтагы аткаминерлерибиз өзүнүн каржылык мүдөөсүн жана жеке саясий кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон учурлар арбын болду. Ошонун кесепетинен эл аралык соттордо биздин Кыргызстан олчойгон доолорго жыгылып отурат. Буга бир мисал, жакында биздин өкмөт орусиялык "Русгидро" компаниясына 37 млн. долларга утулганын айтсак болот. Анын чечиминде "буга кыргыз мамлекетинин айрым жетекчилеринин айткандары негиз болду" деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан биздин мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, буга түз же кыйыр тиешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо зарыл. Анткени биздин мамлекеттин беделине чоң шек келтирилип, аябагандай чоң чыгымга учурап жатабыз".
Law360 порталы жазгандай, 27-июлда Нью-Йорктун банкроттуулук иштери боюнча судьясы Лиза Бекерман соттук жараянда Gebre уюмунун жогоруда аталган талабын четке кагып, ал дооматы боюнча өзүнчө сотко кайрылышы керек экенин белгиледи. Бул боюнча канадалык Stans Energy компаниясынын кызыкчылыгын коргогон Gebre LLC уюмунун арызын караган Онтарио сотунун 28-июлдагы чечими кандай болору азырынча белгисиз.
Куттуу-Сай-II кенин иштетүү үчүн 2009-жылы берилген Stans Energy компаниясынын лицензиясын кыргыз өкмөтү 2012-жылы жокко чыгарган. Буга анын тендерсиз берилип кеткен деген негиз менен сотко кайрылып, сот анын талабын канааттандырганы себеп болгон. Буга байланыштуу Stans Energy кыргыз өкмөтүн 118 млн. доллар айыпка жыгуу үчүн эл аралык арбитражга кайрылган. Ал 2014-жылы Кыргызстандын "Центеррадагы" акциясынын 60% камакка алган. Арбиртаждык сот кыргыз өкмөтүн коюлган доонун 18,1 млн. долларын гана өндүрүүгө милдеттендирип, калганынан баш тарткан чечим кабыл алган.
Экономикалык баяндамачы Айданбек Акматов "Центерра Голддун" иши каралып жатканда мурда соттон утуп алып, бирок кыргыз өкмөтүнөн акчасын өндүрө албай жүргөн башка чет элдик компаниялар дагы жүйөлөрүн келтирип, басым жасап, Эл аралык соттордо маселесин чечип алууга кызыкдар деген пикирде.
"Кайсы бир иштерде биздин өкмөт тараптан же биздин юристтер жактан кемчилик кетирилген алсыздык болсо эле, андан пайдаланып калуу аракеттери болбой койбойт. Азыр ушундай жагдай болуп турганда өздөрүн инвестор деген адамдар кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн кыргыз өкмөтү менен соттошуудан кандайдыр бир мүмкүнчүлүк көрүп жатышы мүмкүн. Мисалы, "Ак-Кеме" боюнча биздин ичибиздеги эле тараптар өз ара тытышып отуруп, эл аралык сотко арызданган түркиялык тарап менен сүйлөшө коюп, анан аягы барып, коррупциялык байланыштар иштеп, ошонун айынан бир кездеги атактуу "Ак-Кеме" мейманканасы азыр оор абалга кептелди. Куттуу-Сай-II кенин иштетүү укугуна байланыштуу деле ошондой. Ар кайсы бийлик келген сайын улам бир жакка тарта беришип, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон эч ким болгон эмес".
Юстиция министри Аяз Баетов азыр эл аралык арбитраждарда түркиялык "Систем Мюхендислик" компаниясынын "Ак-Кеме" боюнча дооматы, Өзбекстандын компаниясынын Ысык-Көлдөгү төрт пансионатка ээлик кылуу укугун калыбына келтирүү талабы жана "Казтрансгаз" компаниясынын Таш-Көмүр шаарындагы заводго карата доо-арыздары каралып жатканын билдирди.