Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:21

Былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда дээрлик үч эсеге көп балык өстүрүлгөн


Чүй облусундагы балык чарбасы. 2018-жылдын 10-октябры. Кыргызстан.
Чүй облусундагы балык чарбасы. 2018-жылдын 10-октябры. Кыргызстан.

Быйыл жарым жылда өлкөнүн балык чарбалары былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда дээрлик үч эсеге көп балык өстүрүштү. Товардык балыктын көлөмү 6837,5 тоннаны түздү. Былтыр бул маалда 2810 тонна балык болгон. Анын аркасы менен чет мамлекеттерге балык сатуу да көбөйгөн, быйыл алты айда 1604,3 тонна балык четке сатылган, былтыр 1398,3 тонна болчу. Бул тууралуу Балык чарба департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын биринчи жарымында балыкты көбөйтүү жана сактоо максатында Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой, Базар-Коргон, Токтогул сыяктуу суу сактагычтарга сиг-лудога, пелядь, карп-сазан жана Ысык-Көл форели балыктарынын 20,7 млн. даана чабактары коё берилген. Мындан тышкары Токтогул, Ала-Арча суу сактагычын жана «Өзгөн балык чарбасынын» көлмөлөрүн балыктандыруу пландалууда.

Балык чарба департаментинин адистери тарабынан быйыл алты айда Ысык-Көл, Соң-Көлдү, Орто-Токой, Токтогул суу сактагычтарын, Чүй облусунун көлмөлөрүн браконьердик торлордон тазалоо максатында 19 ирет рейд жасалып, 181 мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар аныкталган. Балык кармоо эрежелерин бузгандардан 76 603 сом бюджетке чегерилген, дагы 43 430 сомго айып жазылып, доомат келтирилген.

XS
SM
MD
LG