Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:26

29-июлдун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Шашылыш билдирүү!

29-31-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Ысык-Көл облусунун дарыяларында суу нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин, жайылма участокторун жууп, суу каптоо болушу мүмкүн.

29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен жана Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош жана Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтөт.

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, Талас облусунун өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында ала булут каптап турат, жаан-чачын дээрлик жаабайт, кечке маал өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.

Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 26…28° болот.

XS
SM
MD
LG