Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Каракалпакстандын ички иштер министри кызматынан алынды


Аманбай Оринбаев
Аманбай Оринбаев

Каракалпакстандын ички иштер министри Аманбай Оринбаев «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» кызматынан алынды. Өзбекстандын өкмөттүк «Элдин сөзү» гезити кабарлагандай, аткаминер Каракалпакстан жумуриятынын министрлер кабинетинин төрагасынын экология маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Оринбаев ички иштер мекемесин жетектөөгө быйыл мартта келген. Анын ордун ким басары айтыла элек.

Буга чейин 23-июлда жумурияттын прокурору алмашкан. Мындай кадрдык орун которуулар Каракалпакстанда июлдун башында нааразылык акциялар тополоңдор менен коштолгондон кийин жасалып отурат.

1-2-июль күндөрү аймактын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстан Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн.

Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш иш козгогон.

Карапайым кишилердин өлүмү териштирилип жатканы тууралуу маалыматтар түшө элек.

Европа биримдиги, АКШ, БУУ, бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG