Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка катышуусуна жол бербөө талабы коюлган акция өттү


Акция Тышкы иштер министрлигинин алдында өттү.
Акция Тышкы иштер министрлигинин алдында өттү.

Бүгүн 28-июлда Бишкекте, Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) алдында кыргызстандыктардын Украинадагы согушка катышуусуна жол бербөө талабы коюлган акция өттү. Ага Өндүрүш Токтонасыров баштаган жарандык активисттер тобу катышты.

Алар колуна “Кыргызстан Путлерди колдобойт”, “Акчага, орус жарандыгына азгырылбай, өмүрүңдү сакта”, “Орусиянын согушчул Вагнеринен алыс болгула” деген жазууларды кармап турушту.

“Вагнер уюму силерди өлүмгө салып берет. Иш берүүчү туура эмес фирмалар силерди алдоо жолу менен кылмышка түртүп жатат. Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги менен байланышып, ушул боюнча маалымат берсин. Орусиянын чоң-чоң шаарларындагы консулдар, дипломаттар менен байланышып, мигранттарга түз чыгып, ушундай фактылар бар экенин айтып, эскертүү берсин” деди жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.

Жакында журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктап чыккан. Программада айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы убадаланып, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” же “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. (RK)

XS
SM
MD
LG