Кыргызстанда кумаркана иштетүү үчүн лицензиянын баасын 10 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп аныктоо сунуш кылынууда. Экономика жана коммерция министрлиги 27-июлда токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Анда “оюн-зоок ишине лицензия үчүн төлөм мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болору” белгиленди.
Республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн 84 миллион сом, ал эми Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагылар үчүн 42 миллион сом, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына 25 миллион сом деп сунушталууда. Оюн-зоок автоматтар залдары үчүн 42 миллион сом, букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом деген сунуш берилүүдө.
Оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу экени белгиленди.
Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.
Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.
Талкуу учурунда айрым депутаттар казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиришкен. Алар казинодон бюджетке анчалык көп акча түшпөй турганын, жарым миллионго чукул кыргызстандык Орусиянын паспорту менен жүргөн чакта кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт деген убаданы аткаруу дээрлик мүмкүн болбосун, жакындары кумарпоз болуп, үй-жайын, акыркы мүлкүн сатууга макул болгон канча деген үй-бүлөлөр үчүн трагедия күчөй турганын, кумар оюндары динге да каршы келерин, онлайн кумаркана ачуу «чет элдиктер гана ойной алат» деген негиздемеге карама-каршы келерин айтышкан. Кумарканага каршы активисттер Бишкекте жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
Президент Садыр Жапаров кумарканаларга кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзамга 30-июнда кол койгон. 25-июнда ал мыйзамды колдоп берген депутаттарга алкышын айткан, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган. (RK)