Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

CNN: америкалык эки жаранды АКШда соттолгон Бутка айырбаштоо жактырылды


Курал аткезчилиги үчүн соттолгон Виктор Бут
Курал аткезчилиги үчүн соттолгон Виктор Бут

АКШ президенти Жо Байден Орусияда камалган америкалык эки жаранды курал-жарак соодасы үчүн соттолгон орусиялык Виктор Бутка айырбаштоо сунушун колдоду. Ушундай вариантты анын администрациясы сунуш кылган. Бул тууралуу CNN телеканалы аты аталбаган булактарга таянуу менен кабарлады. Ак үй муну расмий комментарийлеген жок.

Бут 2012-жылы колумбиялык козголоңчуларга курал сатуу ишин даярдаган деген айып менен 25 жылга кесилген. Маалыматка ылайык, ал Олимпиада чемпиону, баскетболчу Бриттни Грайнерге жана мурдагы деңиз аскери Пол Уиланга алмаштырылышы ыктымал. Грайнер жыл башында чек арадан маңзаттарын ташып өтүүгө аракеттенген деп Подмосковьеде кармалган, Уилан 2020-жылы орус башкалаасында тыңчылык үчүн соттолгон.

27-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Москвага ал эки жаранга байланыштуу “олуттуу сунуштарды” жөнөткөнүн, маселени орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен талкууларын айткан. Америкалык бийлик Грайнер жана Уилан мыйзамсыз кармалган деп эсептейт.

Спортчу буга чейин президент Байденге жолдогон катта аны бошотууга чара көрүүнү өтүнгөн. Уиландын жакындары да АКШ бийлигине кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG