Европа Биримдигинин мүчөлөрү 1-августтан эмки жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газын керектөөнү 15% азайтуу тууралуу макулдашты. Шаркеттин сайтындагы маалыматка караганда, бул кадам энергияны “курал катары пайдаланып жаткан” Орусиядан көгүлтүр отун келбей калат деген ыктымалдыкка даярдык иретинде жасалууда.
Дүйшөмбүдө ал өлкөнүн мамлекеттик “Газпром” ишканасы “Түндүк агым-1” куурунун дагы бир турбинасы ишин убактылуу токтоторун, аны менен аккан газдын көлөмү пландалгандан 20% азаярын эскерткен.
“Газпром” өткөн аптада 10 күндүк ремонттон кийин ал куур менен газды жеткирүүнү жанданткан. Бирок көгүлтүр отундун көлөмү 40% чейин кыскартылган. Орусия мунун себебин Канадага оңдоого жөнөтүлгөн турбинанын кайтарылбай жатышына байланыштырган.
Ал эми Германиянын бийлиги жана биримдик анын артында техникалык жүйө эмес, Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкциялар үчүн өч алуу аракети турат деп эсептейт.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өткөн аптада Москваны мунай менен газды куралга айландырганы үчүн айыптап, Европаны орус газы биротоло келбей калат деген сценарийге даяр турууга чакырган.
Газдын импорту токтоп калса, анын арты ишканалардын жабылышына, башка кесепеттерге алып келиши ыктымал. Былтыр Европа Биримдиги керектеген газдын 40% Орусиядан алынган.