Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Машинаны катуу ылдамдыкта буту менен айдаган айдоочу жазаланды


Байказы Айтикул уулу жазага тартылган айдоочу менен.
Байказы Айтикул уулу жазага тартылган айдоочу менен.

Машинаны буту менен айдап бараткан видеосу интернетте тараган айдоочу жазага тартылды. Бул тууралуу 26-июлда "Азаттык" радиосуна шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди:

“Ээнбаштык жасагандыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуга эки протокол толтуруп, 8500 сом айыппул салышты жана анын машинасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Ошондой эле айдоочу эми мындай жорук жасабасын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады”.

Машинаны саатына 240 чакырым аралыкка чейинки ылдамдыкта, рулду сол буту менен гана башкарып айдап бараткан айдоочунун видеосу Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG