Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Украинада орустар менен кызматташтык үчүн миңден ашуун кылмыш иш козголду


Орус аскерлерине каршы акция. Херсон. 20-март, 2022-жыл
Орус аскерлерине каршы акция. Херсон. 20-март, 2022-жыл

Украин полициясы Орусия кол салгандан бери баскынчылар менен кызматташтык үчүн миңден ашуун кылмыш ишин козгоду. Диверсияларга аралашкан деген шек менен бери дегенде 1530 киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук полициянын жетекчиси Игорь Клименко Фейсбукка жазды.

Анын айтымында, орус оккупанттары менен кызматташуу иштери боюнча 174 киши шектүү катары өтүүдө. Ал эми канча киши айыпталып жатканы маалымдалган жок.

Согуш башталган 24-февралда украин парламенти аткаминерлерге жана катардагы жашоочуларга орус бийлиги менен иштешүүгө тыюу салган эки мыйзамды кабыл алып, ошол эле күнү президент Владимир Зеленский кол койгон.

Ага ылайык, кызматташууга гана эмес, орус агрессиясын танууга, оккупацияланган аймактарда орус администрациясын колдоого, алар менен иштешүүгө, Орусиянын кызыкчылыгындагы пропаганданы жайылтууга тыюу салынган.

"Настоящее время" телеканалы буга чейин кабарлагандай, мыйзамды бузгандар белгилүү бир кызматтарды ээлей албайт. Эң катаң чара катары эркинен ажыратуу, айрым учурларда өмүр аягына чейин абакка кесүү каралган.

XS
SM
MD
LG