Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:02

Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы алынып келинет


COVID-19га каршы күрөш маалы. 2020-жылдын 28-августу. Кыргызстан
COVID-19га каршы күрөш маалы. 2020-жылдын 28-августу. Кыргызстан

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков өлкөгө Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы алынып келине турганын 25-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эл арасында вакцинанын Pfizer жана Moderna түрлөрү популярдуу бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Бишкек COVID-19дун сары аймагына киргенин, ошол эле маалда азыркы күндө жалпы өлкө боюнча абал туруктуу экенин айтты. "Бүгүнкү күнгө карата 128 адамдан вирус аныкталды. Бирок тынчсызданууга негиз жок. Эгер зарылдык болсо айрым чектөөлөрдү киргизишибиз ыктымал, мисалы, беткап режими же болбосо онлайн иштөө, эмгек жамаатта кызматкерлердин санын ондон ашырбоо сыяктуу. Бирок бүгүн антүүгө негиз жок. Биздин система окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына даяр», - деди Жаркынбек Касымбеков. Ал ошону менен бирге элди COVID-19дан эмделүүгө чакырды.

Касымбековдун маалыматы боюнча, Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен республиканын аймактарында 10 жаңы вирусологиялык лабораторияларды куруу жана жабдуу улантылууда.

Акыркы ирет министрлик 15-июлга карата Кыргызстанда 85 адам коронавирус жуктуруп алган факты боюнча маалыматты ырастаган.

Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккан 76 адам Бишкекте. Ош, Чүй облустарында үчтөн, Жалал-Абадда эки адам, Ош шаарында бир адам катталган.

28 адам коронавирустун симптомдоруна байланыштуу дарыгерге кайрылышкан. 57 адам ПЦР тапшырган учурда аныкталган. Илдетке чалдыккандардын 12си ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат.

Ооруну жаңы жуктургандардын ичинен 18 адам вакцинанын эки дозасын тең алган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 201 414 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлган. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт.

1-майдан тарта сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы да талап кылынбай турганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG