Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

Майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаары, Кыргызстан
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаары, Кыргызстан

Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан жогорку 1- топтогу майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин 25-июлда берген маалыматы боюнча, жардамчылардын айлыгы быйылтан тартып 6300 сомго чейин көбөйдү, мурда 4900 сом болчу. Андай жардамчылардын саны жалпы өлкө боюнча 8493 адам. Казынадан каралган каражаттын суммасы 305, 7 млн. сом.

Республика боюнча 202 300 майып адамдар бар, алардын отуз беш миңи балдар.

50 адамга эсептелген министрликтин майыптарды реабилитациялоо борбору иштеп жатат. Борбор жылына 1-2-3-топтогу 650 майыпты тейлейт. Ал жерден майыптар медициналык, медикотехникалык жана психологиялык реабилитациядан өтүп, эмгекке, маданий турмушка аралашууга багыт алышат.

XS
SM
MD
LG