Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Чүйдө Өзбекстандын автозаводун ачуу пландалууда


Кыргызстанда Өзбекстандын автомашиналары чыгарыла турган завод куруу боюнча сүйлөшүү активдүү уланып жатканын 22-июлда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге таянып Tazabek басылмасы жазды.

Podrobno.uz басылмасына курган маегинде министр автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунун аймагына куруу маселеси чечилгенин, ишкана качан ачылары азырынча тактала электигин, бирок сүйлөшүү активдүү жүрүп жатканын айтып берген.

Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондуктан салык жана жеңилдик берүү жагын бул уюм менен макулдашуусу зарыл.

Өзбекстан тарап машина чыгарууга керектүү бөлүктөр Кытайдан сатылып алынарын, андыктан ортодогу Кыргызстанга завод ачып, өндүрүштү баштоо арзаныраак айланарын, Nexia R3 үлгүсүндөгү автомобилдерди чыгаруу пландалып жатканын буга чейин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG