Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Next TVнын директору коюлган айыпты моюнуна албай турганын билдирди


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

Бүгүн, 21-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айтты.

Телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын билдирди.

Адвокаттар айыптоого негиз болгон экспертизалык бүтүмгө кол койгон эки экспертти да кийинки отурумга күбө катары чакырууну өтүнүштү. Судья бул өтүнүчтү канааттандырды.

Кийинки отурум 27-июлга белгиленди. Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Next TVга ээлик кылган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков 21-июлда чет элдик элчиликтерге жана эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Дүйшөмбиевдин сотуна мониторинг жүргүзүү үчүн өкүлдөрүн жөнөтүүгө чакырды. Ал Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын белгилеп, буга Дүйшөмбиевдин абакта отурганын мисал келтирди. (RK)

XS
SM
MD
LG